Президент Бишкектеги ЖЭБнин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.