Энергетика тармагына акыркы үч жылда 261 атайын техника сатып алынды
2020-жылдары энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомго жеткен. ГЭСтер курулбай, электр жабдуулары эскилиги жетип, өчүрүүлөр көп катталган. Ал эми Садыр Жапаров Президент болгондон бери акыркы үч жылда мамлекет энергетика тармагына өзгөчө көңүл бөлүп баштады. Кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштады.
2022-жылы Токтогул ГЭСинин 4ГА реконструкциясы аяктап, ишке киргизилип, кубаттуулугу 300МВттан 360 МВтка жогорулатылды.
2023-жылы Токтогул ГЭСинин 2ГАнын реконструкциясы аяктап, ишке киргизилип, кубаттуулугу 300МВттан 360 МВтка жогорулатылды.
Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо иштери аяктап, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка жогорулатылды.
Жалпысынан алганда 2021-2023 жылдар аралыгында ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо менен ГЭСтердин кубаттуулугу кошумча дагы 125,7 МВтка көбөйтүлдү:Ат-Башы ГЭС (40 МВт + 5,7 МВт), Токтогул ГЭС (1200 МВт + 120 МВт).
2021-жылы: 2 ЧГЭС (2,9 МВТ) ишке кирди.
2022-жылы: 2 ЧГЭС (4,45 МВТ) ишке кирди.
2023-жылы: 5 ЧГЭС (6,7 МВТ), 5 күн электрстанциясы (430 КВт) ишке кирди.
2024-жылы: 19 ЧГЭС (88 МВТ) ишке киргизүү пландалууда. Мунун ичинен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулуп жаткан 25 МВт кубаттуулуктагы Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизүү жана ачылышын өткөрүү жакынкы арада пландалууда.
Эске салсак, 2020-жылга чейин болгону “Камбар Ата-2” ГЭСинин бир агрегатын гана ишке киргизген. Учурда ГЭСтерди курууда жаңы тарыхтын барактары ачылды!
Энергетика тармагына акыркы үч жылда: 261 атайын техника, 8 даана дизелдик генераторлор сатып алынды. Мындан тышкары 726 даана кошумча трансформаторлор орнотулду, 2 даана РЭТ имараттары курулду, 155 990 даана эсептөө приборлору АСКУЭге алмаштырылды жана 2882 км аба чубалгылары тартылды жана реконструкцияланды. Мындан тышкары көмөк чордондор орнотулуп, жабдуулар жаңыланып калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылууда.
Аны менен катар энергетика тармагында болуп көрбөгөндөй реформалар жүргүзүлүп, иштин илгерилешине чоң түрткү берди. Учурда Кыргызстанды электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн бир катар ири долборлордун үстүндө иш жүргүзүлүүдө.
Мисалы: 2024-жылы Токтогул ГЭСнин 1ГА реконструкцияланып, 60 МВт кошулат. CASA-1000 долбоорунун Кыргыз Республикасынын аймагындагы бөлүгүнүн бардык курулуш иштери аяктайт.
Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору аяктап, «Бишкек жылуулук тармагы» ААКтын тейлөө аймагы кеңейтилип жана жабдуулардын ишенимдүүлүгү жогорулатылат.
2025-жылдын аягына чейин Токтогул ГЭСинин 3ГА реконструкцияланып дагы 60 МВт кошулуп, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 240 МВтка көбөйүп, эксплуатациялоо мөөнөтү 35-40 жылга узарат.
2027-жылдын аягына чейин Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 150 МВтка, Үч-Коргон ГЭСи азыр 180 МВт берсе, 2027-жылы 216 МВтка (+36) көбөйтүлөт. Куланак ГЭСи ишке кирет. 25ге жакын ашык чакан ГЭС ишке кирет. Мындан тышкары Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддарынын курулушу башталат.