Ош облусунун өндүрүш тармагы жанданат
КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Ноокат районунун өнөр жай тармагындагы ар кандай себептер менен токтоп турган бир катар объектилерди текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө токтоп турган ишканалардын ишин калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү, ошондой эле соода-логистикалык борборду жана «Кыргыз жер семирткичтери» заводун куруу сыяктуу жаңы демилгелерди колдоо зарыл экендиги айтылды.
Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл округуна соода-логистикалык борбордун курулушун баштоону жана өндүрүштүк демилгелерди колдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле «Кыргыз жер семирткичтери» заводунун курулушунун долбоору текшерилип, аны ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктоо, завод куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо жаатында тез аранын ичинде чараларды көрүп, тиешелүү министрликтер менен келишим түзүп, ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырды.
Ноокаттын Ынтымак айыл аймагына караштуу Беш-Буркан айылындагы участокто цемент заводунун курулушу боюнча «Стандарт-Цемент» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, курулуш иштерин 2024-жылдын экинчи кварталында баштоо пландалды.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы да «Беш Буркан» көмүр шахтасын жандандыруу боюнча иш алып барууда, курулуш иштери 2024-жылдын март айында башталат.
Бул кадамдар райондун өнөр жай тармагын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуу жана жергиликтүү калкты колдоого багытталган.