Нарын облусунда мергенчилерге 901 миң сом сый акы берилди

 Нарын облусунда мергенчилерге 901 миң сом сый акы берилди

Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр, 98 чөө, 2 бөлтүрүк атып жок кылынып, мергенчилерге 901 миң сом сый акы берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондко, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси С.Богачиевдин маалыматы боюнча, 2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом (тогуз жүз бир миң сом) мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.
Райондор боюнча алсак, Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом); Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом); Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом); Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом); Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.
2024-жылдын январь айында атылган карышкыр, чөөлөр эрежеге ылайык райондук комиссиялар тарабынан каралып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин био ресурстар башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда мергенчилердин өздүк эсептерин ачуу, тиешелүү акча каражатын которуп берүү боюнча иштер жүрүүдө.

Связанный пост