Жалал-Абад облусунда жер мунапысы боюнча 30,5 миң арыз келип түштү

 Жалал-Абад облусунда жер мунапысы боюнча 30,5 миң арыз келип түштү
Жалал-Абад облусунда жер мунапысы боюнча жергиликтүү комиссияларына жалпы 30 миң 494 жарандын арызы келип түшүп, арыздарга жеринде мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында мыйзамсыз курулган турак-жайлар 20 миң 500 арызды түзүп, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан толугу менен 100% мыйзамдаштырылып берилди.
Анын ичинен 6200 жаранга мамлекеттик акты, 2100 жаранга техникалык паспорттор берилген.
Ал эми калган жарандардын арыздары курулуп калган фундамент, бош жаткан участкалар, токой фондунун, суу фондунун жерлери, кызыл зонадагы жана санитардык зонадагы жерлер комиссиялар тарабынан такталып, жобонун талаптарына ылайык мыйзамдаштырып берүү үстүндө иш-аракеттер жүрүүдө.

Связанный пост