Жалал-Абад облусу 2023-жылы мамлекеттик бюджетке салык жыйымдарын ашыгы менен аткарды
Өткөн жылы облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 13 млрд. 449,2 млн сом болсо, аткарылганы 14 млрд. 731 млн. сомду түзүп 105,8%га же 808 млн сомго кѳп аткарылды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусундагы президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун, 2024-жылга карата иш-пландарын талкуулаган жыйында белгиледи.
Аймакта 2022-жылга салыштырмалуу ѳсүү ыргагы 158,2%ды түздү. Ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп салык жыйналды. Республикалык бюджетке 11 млрд 540 млн. сом салык түшүп, 105,8 %ды же 633 млн сомго кѳп аткарылып, 2022-жылга салыштырмалуу ѳсүү ыргагы 176%ды түздү.
Жергиликтүү бюджеттин планы 3 млрд. 190 млн. сомго аткарылып 105,8 % ды түздү же 2022-жылга салыштырмалуу 175 млн сомго кѳп. Ѳсүү ыргагы 177,7%ды түздү.