Акылбек Жапаров: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз

 Акылбек Жапаров: Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз

“Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз”, – деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгондугун айтты. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү.

“Мындай профицит – биздин тарыхыбызда эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз”, – деп, Жапаров жакынкы 3 жылдын аралыгында “1 трлн” деген тарыхый көрсөткүчтү алышыбыз керек деп баса белгиледи.

Связанный пост