Ош ИИБда кызматкер ардактуу эс алууга узатылды
Бүгүн, 2024-жылдын 22-январь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 34 жылдан ашуун кызмат өтөгөн кызматкер, Ош шаардык аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн тескөөчүсү милициянын полковниги Дурсункулов Шермамат Абдиллаевичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга, узатышты.
Салтанаттуу иш-чарага башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков, Ош облустук ички иштер башкармалыгын Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, өздүк курам жана ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкердин туугандары, уул-кыздары катышышты.
Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков кызматкерге ийгилик каалап, өз сөзүндө: Бүгүн биз ардактуу эс алууга узатып жаткан кызматкерибиз дээрлик 34 жылдан ашуун убакыттан бери, өзүнүн билимин, жаштыгын, күч-кубатын, өмүрүн кыргыз милициясына арнап, чын дилден кызмат кылды. Ал, үй-бүлөсүнөн, жеке турмушунан да кызматын биринчиликке коюп, өзүнө коюлган тапшырмаларды так аткарды.
Бүгүнкү салтанаттуу күн кесиптешибиздин кесипкөйлүүлүгүн, чыдамкайлыгын жана өз кызматына берилгендигин далили десек болот. Мамлекет алдында берген антыңызга бекем туруп, кыргыз милициясы жана элибиздин тынчтыгы үчүн ак кызмат кылганыңызга терең ыраазчылык билдирем-деди.
Ошондой эле ардактуу эс алууга кетип жаткан кызматкерге өздүк курамдын атынан баалуу белектер тапшырылып, жубайына Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлер кеңеши тарабынан “Мээримдүү айым” төш белгиси ыйгарылды.
Салтанаттуу азем башкармалыктын кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.