Былтыр Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 8,8 млн сомду түзгөн

 Былтыр Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 8,8 млн сомду түзгөн

Былтыр Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 8,8 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бүгүн, 19-январда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында Нарын облусунун Жарандык коргонуу тутумунун отуруму өткөрүлүп, 2023-жыл ичинде аткарылган иш чаралардын жыйынтыгын чыгаруу жана 2024-жылга иш милдеттерин бекитүү маселеси каралды.

 

Отурумга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары – Нарын облустук Жарандык коргонуу тутумунун башчысынын орун басары Адыл Сапаров, бардык райондордогу Жарандык коргонуу кызматтарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, облустук Жарандык коргонуу жана көчүрүү комиссияларынын мүчөлөрү, Нарын шаарынын, райондордун Жарандык коргонуу башчылары, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

 

Иш чарада КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын Жарандык коргонуу бөлүмүнун башчысы М.Токтосунов, ушул эле башкармалыктын Өрт өчүрүү, алдын алуу, авариялык куткаруу бөлүмүнун башчысы А.Айтбаев жана Жарандык коргонуунун транспорт, энергетика кызматтарынын башчылары жыл ичинде жасалган жумуштар боюнча маалымат беришти.

 

Маалыматтарда билдирилгендей, жыл ичинде Нарын облусунун аймагында жалпы 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 8,8 миллион сомду түзгөн. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында жыл ичинде 257 иш чара, окутуулар өткөрүлуп, 26 200 жаран тартылган.

 

Ошондой эле жыл ичинде 128 өрт кырсыгы катталып, 20 миллион 884 миң сомдук зыян келтирилген. 1 адам өрт кырсыгынан каза болгон. Мурунку жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 42 учурга же, 25 пайызга өскөн. Өздүк курамдын натыйжалуу аракеттеринин натыйжасында 139 миллион, 887 миң сомдук материалдык байлык, 4 даана автоунаа сакталып калган.

 

Отурумда көйгөйлүү маселелер ортого салынып, Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара кызматташуусун бекемдөө, алдын алуу чараларын күчөтүү милдеттери коюлду.

 

Жыйынтыгында Жарандык коргонуудагы кызматташтыгы үчүн Өзгөчө кырдаалдар жана Экология министрлигинин сыйлыктары Жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.

Связанный пост