Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаранды издөө ишине чыккандардын саны 358ге жетти
Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы М уулу М аттуу жаранды издөө ишине чыккандардын саны саат 15:00го карата 358 адамга жетти.
Алардын 187си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Инсараг тобунун 5 куткаруучусу, 27 ыктыярчы, 139 ИИМдин кызматкерлери. Куткаруучулардын курамында 5 кинолог бар.
Издөөчүлөр ӨКМдин 11 дрону, Инсараг тобунан 4 дрон, ыктыярчылардан 3 жалпы 18 дрон менен иш алып барууда.
Мындан сырткары жалпы 20 техника, анын ичинен 17си ӨКМдики.
Белгилей кетсек 2024-жылдын 16-январь күнү ӨКМге түшкөн маалыматтын негизинде, 14-январдан бери Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган М уулу М аттуу жаранды издөө иши министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.