Бишкекте жарылуучу газ саткан 5 мыйзамсыз уюшулган соода жайы аныкталды

 Бишкекте жарылуучу газ саткан 5 мыйзамсыз уюшулган соода жайы аныкталды
Бишкекте жарылуучу газ саткан 5 мыйзамсыз уюшулган соода жайы аныкталды. Бул тууралуу КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КР Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жарылуучу газдарды – пропан жана метан сатуучу, газ баллондоруна жана тиричилик баллондоруна май куюучу мыйзамсыз уюштурулган пункттарды аныктоо боюнча иш улантылууда.
Рейдттик иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын, КР ӨКМнин өрткө каршы кызматынын жана КР ИИМнин Бишкек шаары боюнча патрулдук милиция башкармалыгынын активдүү катышуусунда өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда жарылуучу газдарды сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузган беш соода түйүнү аныкталып, шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан түйүндѳрдүн ээлерине акт түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калктуу конуштарда газ баллондуу унааларга май куюу үчүн көчмө автогаз куюучу станцияларды жана тиричилик баллондорун куюу үчүн көчмө цистерналарды коюуга катуу тыюу салынганын эскертет. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган учурда үй ээлерине айып пул салынат
Пропан жана метан менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн аларды пайдаланууда, сактоодо жана ташууда коопсуздук эрежелерин сактоо, ошондой эле жабдуулардын жана газ менен камсыздоо системасынын абалына мониторинг жүргүзүү зарыл.

Связанный пост