Ысык-Көл облусундаадминистративдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү
Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө жооптуу комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.
Комиссиянын төрагасы болуп президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Азиз Садырбеков, орун басарлыгына Түп районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Сарымсаков дайындалды.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, облустук юстиция башкармалыгынын, архивдин жана инфокомдун адистери кирген комиссия райондорго барып практикалык жардам берет. Реформанын негизги милдети жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу жана административдик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Түп районунда административдик-аймактык реформа 2023-жылы жыйынтыкталып, натыйжада 13 айыл өкмөт беш административдик аймак болуп түзүлгөн.