Тогуз-Торо районунунда кышкы спорттун түрлөрү жанданууда

 Тогуз-Торо районунунда кышкы спорттун түрлөрү жанданууда

Тогуз-Торо районунунда кышкы спорттун түрлөрү жанданууда. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде кыш спорттун түрлөрүн жандандыруу максатында лыжа, конькилер алынып атайын командалык оюнчулар машыктыруучулар тарабынан даярдалууда. Максаты Тогуз-Торо районунда кышкы спорттун түрү боюнча команда түзүү жана кышкы туризмди өнүктүрүү.

Аталган спорт мектебинин командасы алгачкы жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өлкө боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучуларынын катышуусунда республикалык “Мен чемпионмун” кышкы оюндарынын 1-бөлүгүнө катышып келишти.

Мелдеш тоо лыжа спорту (слалом) жана лыжа жарышы боюнча материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Аталган мелдеш Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Каракол шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана “Хельветас Кыргызстан” тарабынан ишке ашырылып, “Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү”долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, “Мен чемпионмун” республикалык мелдештин максаты дене тарбия жана жарандарды сергек жашоого үндөө, райондордо курама командаларды түптөө болуп саналат.

Аталган оюндар 4 жылдан бери өткөрүлүп келет. Алдыда ушул жылдын январь айында оюндун 2-3-этабы өткөрүлөт.

Связанный пост