Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмуна катталган жарандарга кайтарымсыз акча каражаттар берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу филиалынын директору Төрөбек Нариев менен биргеликте 2023-жылдын аяк ченинде жол кырсыгына учурап чоң чыгымга дуушар болушкан Ош облусунун жарандары Умаралиев Тынчтыбек Сапарбаевичке, Абдилаким уулу Абдыладыга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан сертификаттар тапшырылды.
Атап айтсак: Умаралиев Тынчтыбек 2023-жылы май айында «Айыл банктан» лизингге ХОВО үлгүсүндөгү авто унааны сатып алып Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу каттоодон өткөргөн. Өткөн жылдын аяк ченинде Бел-Алма көмүр карьерине бара жатып тоодон таш кулап, унааны башкаруусун жоготуп, Папан айылындагы чон дарыяга кулап түшкөн. Учурда күтүлбөгөн чыгымдардын ордун толтуруу максатында Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму 1 463 571 сомго кайтарымсыз төлөм жүргүздү.
– Абдилаким уулу Абдылады, Ош облусунун Араван районун Гулбар айылынын тургуну, 2023-жылы июнь айында «Айыл-Банктан» лизинге ШАКМАН үлгүсүндөгү авто унааны сатып алып Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу каттоодон өткөргөн. 2023 – жылдын октябрь айларында Алай районундагы Ош-Пирим көмүр карьеринде кезекте турганда, авто унаанын кабинасынан белгисиз себептен өрт чыккан.
Учурда күтүлбөгөн чыгымдардын ордун толтуруу максатында Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму 531 950 сомго кайтарымсыз төлөм жүргүздү.
Аты аталган жабыркаган жарандар өз сөздөрүндө: – кырсык болгондон кийин окуяны тастыктаган, керектүү документтерди чогултуп Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу филиалынын офисине тапшыргандан кийин көп өтпөй эле келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп жогорудагыдай сый пулдарды алып аткандарын жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна ишенээрин жана көрсөтүлгөн жардамга, берилген акчага ыраазы экендиктерин билдиришти.