Президент 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун курууга тапшырма берди

 Президент 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун курууга тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Келечек” балдарды реабилитациялоо борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алып, жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Аталган иш чарада Каныбек Туманбаев, “Келечек” балдарды реабилитациялоо борбору туура 1 жыл мурда Бакиевдердин үйүнүн ордуна курулган. Учурда өлкөнүн ар бурчунан келген муктаждарга кызмат кылууда.

Президентибиз дагы 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берди. Учурда долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө”-деп билдирди.

Туманбаев балдарга белектерин тапшырып, борбордун жааматына келе жаткан Жаңы-жыл менен куттуктады.

Связанный пост