Эмгек министрлиги пенсиялык камсыз кылууга укугу жок ар айлык “социалдык жөлөкпулдун” өлчөмү жогорулаганын эскертет

 Эмгек министрлиги пенсиялык камсыз кылууга укугу жок ар айлык “социалдык жөлөкпулдун” өлчөмү жогорулаганын эскертет

КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2022 –ж 1 июнунан тартып 2000 сомдон 8000 сомго чейин жогорулаганын Эмгек министрлиги эскертет.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, эгерде майыптарга пенсиялык камсыз кылууга укугу жок болсо, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар дайындалат.

 

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга – 8000 (сегиз миң) сом;

2) ата-энесинин биринен айрылган балдарга – 3000 (үч миң) сом;

3) ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга-6000 (алты миң) сом;

4) бала кезинен I топтогу майыптарга – 8 000 (сегиз миң) сом;

5) бала кезинен II топтогу майыптарга –6600 (алты миң алты жүз) сом;

5) бала кезинен III топтогу майыптарга – 5400 (беш миң төрт жүз) сом;

7) I топтогу майыптарга – 5500 (беш миң беш жүз) сом;

8) II топтогу майыптарга – 3000 (үч миң) сом;

9) III топтогу майыптарга – 2000 (эки миң) сом;

10) Баатыр энелерге – 3000 (үч миң) сом;

11) улгайган жарандар – 2000 (эки миң) сом;

12) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга – 6 000 (алты миң) сом.

Связанный пост