Бельгиядагы Элчилик улуу жазуучу жана дипломат Ч.Айтматовго арналган салтанаттуу кече өткөрдү
2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Эл жазуучусу, улуу ойчул, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги жазуучу СССРдин акыркы жана Россия Федерациясынын биринчи Элчиси кызматын аткарган Люксембургдагы Россия Федерациясынын Элчилиги менен биргеликте Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жана турмуш жолуна арналган салтанаттуу кече өткөрдү.
Кече эстелик сүрөттөр жана уникалдуу архивдик документтер камтылган фото көргөзмө менен ачылды.
Иш-чарага эки мамлекеттин Элчиликтеринин кызматкерлери, Бельгиядагы жана Люксембургдагы кыргыз жана россиялык диаспораларынын өкүлдөрү жана Чынгыз Төрөкуловичти жеке тааныган инсандар катышты.
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Эркин куттуктоо сөзүндө жазуучунун философиялык жана чыгармачылык мурасынын маанилүүлүгүн белгилеп, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына орус тилинин тийгизген таасирин баса белгилеп өттү.
Жазуучунун чыгармаларынын тилине байланыштуу, Чынгыз Төрөкулович эне тилинде жана орус тилинде улуу чыгармаларды жараткандыгына катышуучулардын көңүлүн буруп кетти. Бул жааттан алганда Ч.Айтматовдун “Бир тилди билүү-бүгүнкү күнү уят болуш керек”, деген сөзүн мисал катары белгилеп өттү.
Элчи А.Эркин биздин улуу мекендешибизди сыйлап, эскерүү ызаттары үчүн россиялык тарабына ыраазычылыгын билдирди.
Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча россиялык театралдык сахналарында спектаклдер коюлуп, кинотасмалар тартылып, эстеликтер тургузулуп, анын атында көчө, сейилбактар жана Аэрофлоттун лайнери аталып жатат.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д. Лобанов Ч.Айтматов өзү иштеп, улуу чыгармаларын жараткан Элчиликте жазуучуну ар дайым эстешет, баалашат деп белгиледи. Улуу жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө сөзүндө Элчи анын чыгармаларынын кеңири тиражын жана алардын 170дөн ашуун тилге которулганына көңүл буруп кетти. Кечеде Ч.Айтматовдун адамзатка алдын ала эскертүү катары “манкуртизм” түшүнүгүн киргизгендиги белгиленди.
Ч.Айтматовду эскерүү кечеси жазуучунун улуу сөздөрү менен коштолду. “Саманчынын жолу” повестинен, “Келгин куштар ыйы” аңгемесинен үзүндүлөрдү театр жана кино актриса, сахна өнөрүнүн окутуучусу Александра Хорунжая аткарып берди. Актрисанын жан дүйнөдөн аткарылган үзүндүлөр катышуучулардын Ч.Айтматовдун дүйнөсүнө, анын өлбөс чыгармаларынын дүйнөсүнө сүңгүп кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берди.