Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1,17 млрд сом каржыланган
“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын январь-ноябрь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1 174,7 млн сом акча каражаты каржыланган.
Анын ичинен:
Бюджеттер аралык трансферттер:
1. Теңдөөчү трансферттер – 246,6 млн сом;
2. Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26,6 млн сом;
3. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 27,6 млн сом;
4. Айылдардын Генералдык планын иштеп чыгууга – 6,8 млн сом.
5. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41,2 млн сом;
6. Бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 90,9 млн сом;
7. Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685,0 млн сом;
8. Түп районунун айыл өкмөттөрүнө -50,0 млн сом.