Бишкекте жолдорду 36 атайын унаа тазалоодо

 Бишкекте жолдорду 36 атайын унаа тазалоодо

Кыргыз Республикасынын аймагында , анын ичинде борбор калаада аба ырайынын акыркы өзгөрүүлөрүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы түнкү убакта карды тазалоого киришти. Түнкүсүн жолдорго туз чачуу иштери башталды.

 

Белгилей кетсек, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.

 

Линияда 36 атайын унаа иштөөдө, алардын ичинен МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 бирдик фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 4 “УКМ-2500” универсалдуу коммуналдык унаа. Ишкананын 18 кызматкери тартылып, 382 тонна техникалык туз колдонулган.

 

Кар жолдордон гана алынбайт. Учурда тазалагычтар тротуарларды тазалап, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат. Карды тазалоого линияга ишкананын бардык кызматкерлери чыкты.

Связанный пост