КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмеси
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу»;
2. “2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө”;
3. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө»;
4. “2035-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагында кызматташуу Концепциясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын Планы жөнүндө”;
5. “Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 2018–2022-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө”;
6. «КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жана аларды четтетүү боюнча сунуштар жөнүндө»;
7. “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын колдоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү 2024–2030-жылдарга иш-чаралардын Тизмесинин долбоору жөнүндө”;
8. «2024-2026-жылдарга Казакстандын материал таануу токамактары боюнча илимий изилдөөлөр программасы жөнүндө»;
9. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин базалык уюмдарын түзүү жөнүндө»;
10. «2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө»;
11. «2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин бюджеттен тышкаркы фонддорунун кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы жөнүндө»;
12. «Маалыматтык, аналитикалык жана маалымдама материалдары жөнүндө».