ИИМ: Токтогулда мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат сактоого шектелген жарандар кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык бөлүмдөр менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо жана даярдоо, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо фактыларына байланыштуу бир нече кармоолорду жүргүздү. Кармалгандардын арасында уюшкан кылмыштуулуктун субъекттери да бар.

Буга чейин ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү фактылары тууралуу маалымат алышкан. Буга байланыштуу шектүү адамдар боюнча ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдардын негизинде үстүбүздөгү жылдын ноябрында кылмыш иши козголгон.

7-декабрда ИИМдин КИББдин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын күжүрмөн кызматкерлерин тартуу менен шектүү адамдар кармалган.

Натыйжада, Токтогул районунун аймагындагы мейманканалардын биринде 1995-жылы туулган М. Н., 1997-жылы туулган Б. уулу К., 1996-жылы туулган О. уулу И. жана Б. уулу Э. кармалган. Алардын баары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда үчөөсүнөн 10 ширеңке кутусуна салынган баңги каражаттары табылган.

Ошол эле күнү Токтогул районунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн жашаган жерлерине, анын ичинде башка шектүүлөрдүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, 1987-жылы туулган К.З. аттуу жарандын үйүнөн баңгизаттары табылган. Ал эми Т. уулу Б. аттуу жарандын үйүнөн ок атуучу курал: кырк огу менен майда калибрдүү мылтык жана “ТОЗ-28” үлгүсүндөгү үч стволдуу мылтык табылган. Ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост