Марат Иманкулов БУУнун Көзөмөлдөө миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 5-декабрда, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын «Туруктуу өнүгүү үчүн куралдуу зомбулукту кыскартуу боюнча трансулуттук күн тартиби» аталыштагы куралсыздандыруу боюнча глобалдык демилгенин (SALIENT) алкагында Көзөмөлдөө миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, аларды туура эмес колдонуу жана жарандардын арасында куралдуу зомбулукту азайтуу жаатындагы актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр талкууланды.
Көзөмөлдөө миссиясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы менен БУУнун ок атуучу куралдар жана жеңил куралдар боюнча иш-аракеттер программасын ишке ашырууда Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнүн негизги багыттарын аныктоо пландаштырылууда. Кыргыз Республикасында курал-жарактарды көзөмөлдөө, куралдуу зомбулукту болтурбоо жана азайтуу маселелери боюнча компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын куралдуу зомбулуктан коргоо коопсуздугун жакшыртууга багытталган долбоордук документти иштеп чыгуу үчүн тегерек столдор өткөрүлөт.