Эмгек министрлиги: 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,2 миң тоннадан ашык ун таратылат

 Эмгек министрлиги: 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,2 миң тоннадан ашык ун таратылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат.

Бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.

2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрүндө мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Аларга 10839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56919 адам катышып, аларга 3037 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилди.

Связанный пост