СӨМ: Нарындын алыскы райондору интернет менен камсыз болот
2023-жылдын 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Нарын облусунун Кочкор районунун Арсы айылындагы Т.Сагымбаева атындагы мектебинде мамлекеттик мааниге ээ “Digital CASA – КР” долбоорунун жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын алкагында КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов өлкөдө бардык аймактарды сапаттуу интернет-байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп жаткандыгын, негизги басым мектептер, ооруканалар сыяктуу социалдык объектилерди интернет менен камсыз кылууга болуп жаткандыгын белгилей кетти.
Нарын облусунун Кочкор районунда 168 км 780 м аралыкка була- оптикалык кабель тартылып, натыйжада 39 социалдык объект, анын ичинде 14 мектеп интернетке туташтырылды. Кыргызстандын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналган Digital CASA – КР долбоору өлкөнүн алыскы райондорундагы интернеттин жеткиликтүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, билим берүү мекемелери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Нарын облусунун Кочкор районунда “Digital CASA – КР” долбоордун аякташы Кыргызстандын санариптик трансформациясындагы маанилүү кадам болуп саналат жана билим берүүнүн сапатын, ошондой эле жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт.