Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугун күчөтүү маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров айыл чарба жаныбарларынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү.
Облус жетекчисинин айтымында, быйылкы жылдын 10 айында айыл чарба малдары катышкан 181 кырсык катталган. Бул окуялардан 28 адам жаракат алып, 7 адам каза тапкан. Бирок мал ээлерине болгону 9 миң сом гана штраф салынган.
«Адамдын өмүрү баардыгынан кымбат. Андыктан жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен калктын тыгыз иш алып баруусу зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгү жетишсиз болуп жаткандыгы ачык көрүнүп жатат. Өз кызматына шалаакы мамиле жасаган жетекчилерге эң катаал чаралар көрүлөрүн эске алыңыздар»,-деп белгиледи облус башчы.
Жыйындын жүрүшүндө мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана мал жаюу эрежелеринин сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды көбөйтүү жагы каралды.