УКМК: Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
КР УКМК тарабынан муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында, баасы 350 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Лима-Текс” ЖЧКсына (азыркы “Ак-Текс” ЖЧКсынын ээси) Ош шаарынын Привокзальная көчөсү, №101 “А” дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилген.
Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирди.
Баалоо корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасоо учурунда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 миллион сомго жетиши мүмкүн.
УКМК жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.