Жол кырсыгынын кесепетинен Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлгөн
Кечээ, 21-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен. Бул тууралуу КРнын ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Мындан улам Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, штаб, АКА жана ХОВО унаалары менен жеринде өрт кырсыгын көзөмөлдөө иштерин алып барышты.
Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап “Тез жардам” кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна мунайзат (бензин) төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.
Ошондой эле СЭС кызматынын 2 адиси Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Себеби, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишкен.