2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19,6 млрд сомду түзөт
Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кеңейтилген жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралууда.
Комитеттин кеңейтилген жыйынынын отурумуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү министрликтердин жетекчилери катышууда.
Мыйзам долбоорлорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов менен каржы министринин орун басары Руслан Сүйналиев тапшырды. Алардын айтымында, «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бюджеттик тактоолорду жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 2023-жылга бюджеттин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги фактору болуп бюджеттин киреше бөлүгүн өзгөртүү жана жаңы социалдык маанилүү чыгаша демилгелерин кабыл алуу болду.
2023-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 353 миллиард 504 миллион сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 365 миллиард 559 миллион сом өлчөмүндө белгиленди. 2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 12 миллиард 54 миллион сомду түзөт.
“Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда 2024-жылга мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 млрд сом өлчөмүндө каралганы белгиленген, же ИДПга карата 30,1%ды түзөт. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 358,7 млрд сом өлчөмүндө (ИДПга карата 28,5%) белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19,6 млрд сомду же ИДПга карата 1,6%ды түзөт.
Комитеттин кеңейтилген отуруму суроо-жооп форматында өтүүдө.