Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

 Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Аталган иш-чарага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин коштоосунда ачып, конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлдү.

Алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, кыргыз парламентинин 85 жылдык тарыхына токтолду. Ал Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын калыптандырууда жана чыңдоодо Жогорку Кеңештин өзгөчө ролун белгиледи.

Андан соң 85 жылдык маарекеге катышкан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери өз куттуктоолорун айтышты.

Алсак, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова Жогорку Кеңештин Төрагасына жана депутаттарына жогорку меймандостугу жана конференцияга катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар, Сагиба Гафарова Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин өнүгүшүнө токтолуп, элдин эсинде “легендарлуу парламент” катары калган он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин өзгөчө ролун белгиледи. «Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары дал ошол “легендарлуу парламент” Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган», – деди.

Ал эми Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова эки мамлекеттин мамилеси узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделгенин айтып: «Белгиленип жаткан маараке бир гана кыргыз эли үчүн эмес, бүтүндөй биздин парламенттик үй-бүлөбүзгө тиешелүү майрам. Акыркы ондогон жылдар аралыгында биздин мамлекеттер биргелешкен жолду татыктуу басып өтүштү. Эки тараптуу өз ара аракеттенүү терең жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болуп, парламенттер аралык алакалар да жигердүү өнүгүп жатат», – деген Наталья Кочанова кыргыз элине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев боордош кыргыз элин мааракелик иш-чара менен куттуктап, кыргыз-казак парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелерине токтолду.

«Быйыл өлкө үчүн бир катар юбилейлик жана маанилүү окуялар менен өзгөчөлөнүп жатат. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу органынын 85 жылдык мааракеси. Бул дата кыргыз элинин байыркы курултай жана элдик жыйындар институту түзгөн парламентаризм салттарына берилгендигин билдирет», – деген Маулен Ашимбаев Кыргызстан парламентаризм институтунун калыптанышынын маанилүү этаптарын басып өткөнүн белгилеп, парламентаризм мындан ары да жигердүү өнүгүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Связанный пост