КМШ ПААнын күзгү сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга парламенттик делегациялардын келиши уланууда

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Олий мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева жана Тажикстан Республикасынын Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин Төрагасы Рустами Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти.

 

Делегацияларды «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясынын ишине катышуу үчүн келишкен.

Связанный пост