Кыргызстанга Беларусь Республикасы менен Армения Республикасынын парламенттик делегациялары келишти

Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялар Кыргызстанга келишти.

 

Сыйлуу конокторду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Связанный пост