Баткен шаарында заманбап мал базар курулду
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында курулган жаңы муниципалдык мал базардын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.
Базар 22,8 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду.
Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.
Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат.
Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот.
Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски мал базары шаардын так ортосунда жайгашып тургандыктан, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынып, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 га жер аянты ажыратылган.