Таласта мектеп, бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди
Бүгүн, 9-ноябрда Талас шаарынын мэринин орун басары С. Токтосунова, мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси С. Кошоманова, Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Э. Майнаев, Талас райондор аралык, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы К. Боромбаева, Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору С. Мырзабекова баштаган комисиия мүчөлөрү Талас шаарынын аймагындагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кыдырышты.
Анда күз-кыш мезгилине карата шаар аймагындагы мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелерине көзөмөл иштери жүргүзүлдү.
Түзүлгөн комиссия тарабынан жылытуу тутумдарынын иштеши, тамак – аш даярдоо, балдардын жеткиликтүү тамактануусу текшерилди. Буга кошумча тайпаларга, класстарга берилген пландан сырткары балдарды кабыл алууга бөгөт коюу максатында мектеп, бала- бакча жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.