Азербайджанда Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Жаштар иштери жана спорт министрлеринин 7-отуруму болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Азербайжан Республикасында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Жаштар иштери жана спорт министрлеринин 7-отурумуна катышты.
Курамына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Мажарстан жана Түркия мамлекети катышып жаткан отурумда түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы жаштар саясатын жана спортту биргелешип өнүктүрүү жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Жыйындын алкагында Чыңгыз Эсенгул уулу Түркиянын жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, Өзбекстандын жаштар саясаты жана спорт министри Адхам Икрамов, Азербайжандын жаштар жана спорт министри Фарид Фазиль оглы Гаибов менен жолугушуп, уюмдун алкагында кызматташуунун мындан ары бекемдөө, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандагы жаштар саясаты жана жаштардын коомдогу ордун белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Кыргыз Республикасынын 2 миллион 439 миңден ашык адам же калктын жалпы санынын 35 пайызы 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жарандар болуп саналат.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн калкынын 25 пайызын 15-30 жаштагы жаштар түзгөндүктөн, жаштар саясатын, спорт жаатындагы саясатты биргелешип ишке ашыруу жана иштеп чыгуу биз үчүн эң маанилүү жана актуалдуу маселе болуп эсептелет.
Жаштар коомдун, инновациянын жана прогресстин негизги күчү экенин белгилегим келет.
Жаштардын жаратман идеялары жана умтулуулары Кыргыз Республикасында гана эмес, жалпы эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин келечегин аныктайт.
Ошондуктан, дагы бир жолу жаштар үчүн шарттарды түзүүнүн жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү, билим берүү, спорт жана дагы башка тармактарда колдоо көрсөтүү абдан маанилүү.
Ал эми спорт жаатындагы кызматташуу боюнча айтсам, Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин уюмунун колдоосу астында уюштурулган спорттук иш-чараларга активдүү катышууда.
Жакында эле Казакстандын Түркистан облусунда экинчи Түрк универсиадасы өтүп, Кыргыз Республикасынын спортчулары да ат салышты.
Спорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн олуттуу пайда алып келиши мүмкүн, анын ичинде достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле аймактарда спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Биз 2025-жылы Түрк тилдүү мамлекеттеринин студенттеринин Универсиадасын өткөрүүгө даярбыз. Муну менен бирге Кыргызстан жаштарды сергек жашоого тартууну дайыма колдоп, бул чөйрөдө активдүү иш алып бараарын белгилеп кетким келет.
Бул жолугушууда биз тажрыйба алмашуу, күч-аракеттерди бириктирүү, спортту, жаштарды жана жалпы эле коомду өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган демилгелерди сунуштоо боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээбиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Чыңгыз Эсенгул уулу.
Ошондой эле, отурумдун алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн шахмат ассоциациясын түзүү демилгеси колдоого алынып, 2024-жылга карата жаштар иштери жана спорт боюнча иш-чаралардын планын каралды.
Иш-чаралар планынын тизмесине спорттук мелдештерди уюштуруу, жаш ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өткөрүү, чыгармачыл жаштарды шыктандыруу үчүн түрк борборун түзүү жана жаштарга арналган конференцияларды уюштуруу киргизилди.