Нурдан Орунтаев Мамкурулуш агенттигине директор болуп дайындалды

 Нурдан Орунтаев Мамкурулуш агенттигине директор болуп дайындалды

Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Белгилей кетсек, Орунтаев буга чейин Бишкектин вице-мэри кызматын аркалап келген.

Связанный пост