ЖАКтын ТИЗО-1 мекемесинде баңгизат жеткирүү каналы аныкталды
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармылыгы менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында, ЖАКтын №21 (Бишкек ш.СИЗО-1) мекемесинде кармалып турган айыпкерлерге жана соттолгондорго тыюу салынган баңгизаттарды жеткирүү каналын аныктады жана бөгөт койду.
ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан КР Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүнүн 2-пукнтунун 282-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ТИЗО-1дин 2 контролеру кармалып, аларга карата атайын контингенттин арасында баңги каражаттарын сатууга катышы бар деген айып тагылгандан кийин бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Жаза аткаруу кызматы тарабынан мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.