Нарынга 23 миллион долларлык түз инвестиция тартылды
Жыл башынан бери Нарын облусуна 23 млн долларлык чет элдик түз инвестиция тартылды. Бул Нарын облусунун тарыхындагы абдан чоң көрсөткүч. Салыштырып айтсак, 2019-жылдан бери облуска болгону 567 миң долларлык түз инвестиция тартылган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкулунун басма сөз кызматы маалымдады.
Сырттан келген каражаттар негизинен экономикалык долбоорлорго жумшалууда. Учурда “Солтон-Сары” алтын кенинин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Миң-Булак айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн сомду түшүрүү менен айылдын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлору ишке ашырылууда.
Кочкор районунун Кочкор айылындагы 2017-жылдан бери токтоп турган “Ренесанс” бут кийим чыгаруучу фабрикасы “Шелковый путь” ЖЧКчы тарабынан жандандырылып, фабрика июнь айынын аягында ишке берилди. Учурда ишканада 40 адам жумуш орду менен камсыз болуп, күнүнө 1000ге чейин бут кийим түгөйлөрү чыгарылууда.
Ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен камсыз кылуу максатында Жумгал районунун «Акулак» участкасында «Шанси Коал Инвестмент» ишканасы ачылып, кɵмүрдүн кубаттулугун байыттуучу фабриканын курулуш иштери жүрүүдө.
Мындан сырткары келечекте облустун жана республиканын энергетикалык, экспорттук жана инвестициялык потенциалын жогорулатуу максатында “Датка-Кемин-Нарын-Торугарт-Кытай” 500 килловольттук ЛЭП долбоорун ишке ашыруу пландалууда.
Эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө Түштүк Корея Республикасынын Инже округунан келген инвесторлорго кичи 10 МВт ГЭСтерди куруу үчүн Кочкор районунан жерлер аныкталып бүгүнкү күндɵ предТЭО иштери аяктап, баштоо алдында турат.
Энергиянын кайра жаралуу булактарынын пайдалуу үчүн багытталган болжолдуу жерлердин саны жана орду такталып, ички жана тышкы инвесторлорго сунушталууда.