Төрага Нурланбек Шакиев Талас-Нылды-Покровка унаа жолунун абалы менен таанышты

КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Талас-Нылды-Покровка унаа жолунун абалы менен таанышты.

Алсак, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 74 чакырымды түзүп, Нылды, Кайыңды, Арал, Покровка айылдары аркылуу өтөт. Учурда 6-чакырымынан 9-чакырымына чейинки аралык оңдолуп, асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Эгер жол толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө, Тараз-Талас-Суусамыр жолундагы калк жыш жашаган айылдарын аралабастан унаалардын өтүүсүнө өбөлгө түзүлмөн. Ошондой эле, Манас районун облустун борбору менен байланыштырган негизги жол болуп калмак.

Жолдун абалын жана жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан Төрага Нурланбек Шакиев: “Акыркы эки жылда шаарларга гана эмес, аймактарда да жолдорду оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, СССР мезгилинен бери каралбай калган асфальттар жаңыланууда. Андан тышкары, аймактар ортосундагы, эл аралык деңгээлдеги жана стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу жигердүү жүргүзүлүп, жаңы каттамдар ачылууда. Жол – өлкөнүн кан тамыры. Буга байланыштуу жолдордун салынышы өлкөнүн өнүгүшүнө көмөкчү болуп, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошот”, – деди.

Муну менен катар мамлекетте жасалып жаткан реформаларга учкай токтолгон Төрага: “Туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жана коррупцияга каршы күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттин казынасы артып, өлкөгө керектүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Андыктан, алдыда дагы көп иштер жасалып, жаңы жолдор, жаңы социалдык мекемелер салынат. Тиешелүү мекемелер керектүү долбоорлорду иштеп чыгып, каражатын убагында чечип берип турушу керек”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Русланбек Жакышов, Гуля Кожокулова, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, транспорт жана коммуникациял

Связанный пост