Төрага Нурланбек Шакиев Бакай-Ата районундагы социалдык мекемелердин абалынан кабар алды
Бүгүн, 3-ноябрда КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапары Бакай-Ата районунда уланды.
Алгач Төрага Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан Сооронкулова Жамиля атындагы бала бакчанын абалы менен таанышты. Алсак, аталган бала бакча 1990-жылы курулган Султаналы Кушубеков атындагы мектептин имаратынын бир бөлүгүндө орун алып, азыркы тапта анда 170 бала тарбияланат. Имараттын абалы канаттандырарлык болгону менен капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 36 млн сом керек. Анын 12 млн сому республикалык бюджеттен бөлүнүп, берилген.
Төрага Нурланбек Шакиев бала бакчанын тарбиячылары менен баарлашып, билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды.
“Балдар биздин келечек. Андыктан, алгачкы билимдин башаты болгон балдар бакчаларын курууга мамлекет өзгөчө көңүл бурууда. Коррупциялык жагдайда менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары кайтарылып, жаңылары да салынууда”, – деди Төрага.
Муну менен катар бул бала бакчанын абалы тууралуу депутат Русланбек Жакышов парламент жыйынында көп жолу көтөргөнүн эске салып, керектүү каражатты убагында бөлүү маселесин коштоп барган тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнө табыштады.
Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев Бакай-Ата жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 1962-жылы курулган авариялык абалдагы имаратын көрүп чыкты.
Мекеменин жетекчилеринин айтымында жаңы имарат куруу пландалганы менен долбоорун иштеп чыгууда бюрократиялык жагдайлар тоскоолдук жаратып келет.
Андыктан аталган маселени чечип, 100 орунга ылайыкталган үч кабаттуу дарылоо мекемесинин курулушун ыкчамдатуу талабын койгон Төрага: “Акыркы эки жылда мамлекеттин казынасы үч эсе көбөйүп, кийинки жылдын бюджети 657 млрд сомдун тегерегинде бекитилери күтүлүүдө. Андыктан, каражатты майнаптуу пайдаланып, калк турмушуна керектүү социалдык мекемелердин курулушун кечеңдетпей бүткөрүү керек”, – деп кошумчалады.
Мындан сырткары Нурланбек Шакиев кийинки жылы дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү пландалганын маалымдады.
Аталган айылдын тургундары менен да баарлашкан Төрага бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-ашын ата-энеси төлөшү керек деген сунушка карата элдин нааразычылыгын угуп, аталган маселе парламент тарабынан караларын билдирди.