Жогорку Кеңеш БШКнын төрагасынын 2021-2022- жылдар үчүн баяндамасын укту
Бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2021-2022- жылдар үчүн баяндамасы угулду.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз баяндамасында президенттик жана парламенттик шайлоолорду, анын ичинен 2020-жылдан 2023-жылга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы маселелер тууралуу маалымат берди. Муну менен катар, шайлоо босогосуна, аялдардын шайлоо процесстерине катышуусуна жана добуштарды сатып алууга каршы күрөшүү механизмдерине байланыштуу бир катар мыйзам нормаларына токтолду.
Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков аймактарда өткөн акыркы шайлоолордо шайлоочулардын 35%га жакыны гана шайлоо процессине катышканын белгилегеп, бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын пикирине кызыкты. Н.Шайлдабекова бул тенденция 2021-жылдан бери байкалып жатканын айтып: «Эгерде буга чейин 1,7 миллионго жакын адам ырааттуу түрдө шайлоого катышса, азыр бул көрсөткүч 1,4 миллион гана түзөт», – деген төрайым шайлоочулардын аз катышуусунун себептерине токтолду. Анын ичинен 2021-жылдын октябрындагы саясий кырдаалдын кесепеттери, ички жана тышкы миграциянын жогорку деңгээли, No2 форманы жоюу жана башкалар.
Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев укук коргоо органдарынын талапкерлерге карата кысымын азайтуу зарылдыгын белгилеп, добуштарды сатып алуу менен күрөшүү боюнча чараларды сунуштады. Өз кезегинде депутат Кубанычбек Самаков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияны жарандарды шайлоого катышууга кызыктыруучу чараларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө чакырды.
Андан сырткары, депутат айым-талапкерлердин саясий укуктарын камсыз кылуу, алардын шайлоого бирдей шартта катышуусу үчүн потенциалын күчөтүү тууралуу маселени ортого салды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2021-2022- жылдар үчүн баяндамасы эске алынды. Бул тууралуу тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.