Ош шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

 Ош шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү
Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, мэриянын тийиштүү өкүлдөрү менен биргеликте, А. Мамыров көчөсүндөгү жана Ак-Тилек кичи районундагы көмүр сатылып жаткан жайларды кыдырып, кара отундун баалары текшерилип, көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 25-октябрдан тарта ата мекендик көмүрдүн бирдиктүү баасы (90 календардык күнгө) белгиленген. Ага ылыйык, кара отундун баасы тоннасына 6 500 сомдон, чекене баасы 1 килограммга 7 сомдон ашпоо керек.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү, белгиленген бааларды колдонуу боюнча көзөмөл улантылат.
Азыркы тапта Ош шаарында көмүргө болгон баа туруктуу.

Связанный пост