ЖЭБдеги  көмүрдүн сапаты текшерилди 

 ЖЭБдеги  көмүрдүн сапаты текшерилди 

Бишкек жылуулук электр борборундагы көмүрдүн радиациялык көрсөткүчү, күкүрттүн деңгээли жана күлдүүлүгү менен нымдуулугу текшерилди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери кара-кеченин көмүрүнүн калориялуулугу белгиленген нормадан төмөн экенин аныкталды. Инспекторлор айрым учурда

ЖЭБге сапатсыз, сапаты төмөн кара отун ташылып жаткан белгилешти. Мындай учурда, борбордун жетекчилиги артка кайтарбай туруп, колдонуп келүүдө. Ташып келген компанияга айып салуу менен гана чектелүүдө. Сапатсыз көмүрдү жагуу менен абага уулу заттар ашыкча бөлүнүп чыгууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен лабороториядан текшерүүдөн өткөрүү үчүн кара отундун үлгүсү алынды. Министрлик жылытуу мезгили башталгандан тартып ЖЭБдеги көмүрдүн сапатын ай сайын пландуу текшерип турмакчы.

Связанный пост