Төрага Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги жана адам укугуна байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынга катышты
КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги жана адам укугуна байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынга катышты. Алсак аталган жыйын Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулуп, ага өлкө жетекчилери, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.
Жыйында сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев өткөрүлүп жаткан талкуудагы негизги маселеге токтолуп: “Азыр колдонулуп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Мыйзам ошол учурдун, ошол доордун талаптарына жооп бергени менен азыркы шартка ылайык келбей калгандыгы жашыруун эмес. Себеби ал мезгилде азыркыдай интернет тармагы өнүккөн эмес, бүгүнкүдөй технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Андыктан, азыркы шартты, азыркы талапты эске алып, колдонуудагы мыйзамды өзгөртүшүбүз зарыл”, – деди.
Ошондой эле жаңы мыйзам бардык тараптын пикирин эске алуу менен кабыл алынарын айткан Нурланбек Шакиев: “Айрыкча, медиа тармагында эмгектенген адистердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн сунуштары сөзсүз каралат”, – деп билдирди.
Муну менен катар өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан абалга да токтолгон Төрага: “Бул жаатта түрдүү пикирлер айтылып келет. Бирок биздеги сөз эркиндигинин деңгээли коңшу өлкөлөргө, ал тургай дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине салыштырмалуу өтө жогору. Бирок жоопкерчилик жагы көп каралбай келет. Кээде жеке адамдын аброюна шек келтирген, жалган маалыматтар таратылган учурлар кездешет. Адам укугу бекем сакталган, демократиялык өлкөлөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда сөз эркиндигине байланыштуу сүйлөшүп калабыз. Байкаганымдай, аларда сөз эркиндиги менен катар ага карата жоопкерчилик да бар экени эске алынат. Андыктан, жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бул жааттагы эл аралык тажрыйбага да көңүл бурушубуз кажет”, – деди.
Андан сырткары “Мен мамлекеттик жана жеке жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп, журналистика тармагында узак жылдар эмгектенгем. Айрыкча адам укугунун жана сөз эркиндигинин жактоочусумун. Бирок жоопкерчилик да биринчи орунда турушу керек деген ойдомун. Эгер жоопкерчилик болбосо сөз эркиндигинин баркын кетирип алабыз”, – деп кошумчалады Төрага.
Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев мындай жолугушууларды ар квартал сайын, жок дегенде бир жылда эки жолу өткөрүп туруу сунушун берди.