Төрага Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын Төрагасы менен Мажилисинин Төрагасына көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановго Караганды облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Анда мындай деп айтылат:
“Казакстандын Караганды облусундагы шахтада болгон жарылуудан улам көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.
Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”