Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду

 Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду
Бүгүн, 2023-жылдын 25-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян 24-27-октябрда Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасы менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында расмий жолугушуулардын алкагында Кытай менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагында өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында бир катар документтерге кол койду.
1. «Кызматташтык жөнүндө» Алкактык макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуунун максаты КР ЭМ менен Молин Энерджи компаниясынын ортосунда кубаттуулугу 400 МВт энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу болуп саналат.
Тараптар «Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кара-Талаа участкасында жалпы кубаттуулугу 400 МВт болгон күн электр станцияларын куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Макулдашууга КРнын Энергетика Министри Т.О.Ибраев менен Молин Энержи Компани Лимитед (Molin Energy Company Limited) компаниясынын Президенти Ян Мэн кол койду. Алдын ала инвестициянын көлөмүн Кытай тарап аныктаарын белгилейбиз.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана кытайлык «Голд Винд Сайэнс энд Техноложи Ко, Лтд» (Goldwind Science & Technology Co., Ltd) компаниясынын ортосундагы «Стратегиялык кызматташтык жөнүндө» Алкактык макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун максаты Кыргызстанда пайдаланылбай жаткан жерлердин чоң аянтын, шамалдан жана күндүн энергиясынан электр энергиясын өндүрүүнү туура пайдалануу болуп эсептелет. Бул келишим 2023-жылдын 19 августунда КЭР СУАРда кол коюлган Өз ара түшүнүү Меморандумдун негизинде мындан ары кызматташууну улантуу максатында жана жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашууга кол койгон. Инвестициялардын жалпы көлөмү техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун негизинде аныкталат.
Макулдашууга КРнын Энергетика Министри Т.О.Ибраев жана «Голд Винд Сайэнс энд Техноложи Ко, Лтд» (Goldwind Science & Technology Co., Ltd) компаниясынын Ыйгарым укуктуу өкүлү Вэнг Хей (Wang Hai) кол койду.
Эки тараптын кызматташтыгынын күчтүү базалык шарттары жана кеңири өнүгүү перспективалары бар жана алар утушка алып келери шексиз. Инвестициянын көлөмү техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун негизинде аныкталаары белгилүү болду.

Связанный пост