Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

 Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Михаил Мишустин үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Связанный пост