Тармактык комитет 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда
«КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касмалиев баштаган министрлер жана тиешелүү тармактык жетекчилер катышты.
Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылга 413 367,3 млн сом суммасында же ИДПга карата 32,8% деңгээлинде болжолдонууда2025–2026-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 461 278,8 млн сомду жана 512 851,6 млн сомду түзөт.
Алмаз Бакетаев билдиргендей, Айыл чарба министрлигине 2024-жылы 13 млрд сом бөлүү каралган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5,1 млрд сомго көп. Ирригация тармагына келерки жылы 1 млрд сом каралса, инвестицияларды тартуу менен суу чарба тармагын жакшыртууга, суу ресурстарына 7,1 млрд сом пландалууда. Ошондой эле, финансы министрлиги 2024-жылы жеңилдетилген айыл чарба багытындагы насыяларга 4 млрд сом пландаган.
Талкууда депутат Алишер Эрбаев социалдык тармакка, жөлөк пул менен пенсияларга келе жаткан жылда каралган каражатарды, ошондой эле тышкы карыздарды төлөөгө багытталган финансыны тактады. Финансы министри жаңы жылда социалдык тармакка жалпы 167 млрд сом, ал эми 67,9 млрд сом каражат мамлекеттик карызды төлөөгө каралганын айтты.
Депутат Жалолидин Нурбаев Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынды эсепке алуу менен тышкы карызды алдын ала төлөө мүмкүнчүлүктөрүн сурады. Депутат 2024-жылы жоюлуп жаткан милдеттүү патент системасы, жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды азайтарын белгиледи. Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Исламбек Кыдыргычов келерки жылдан тартып соода-сатык тармагына гана милдеттүү патент салыгы алынып жатканын билдирди.
Депутат Султанбай Айжигитов Баткен районундагы 23 км аралыктагы Кара-Булак каналын суу чарбасынын карамагына алуу маселесине көңүл буруп, Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынга жана анын сатуу жагдайларына кызыкты. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов 2022-жылы 17 тонна, быйыл 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүлөрүн айтып, аны сатууну Кыргызалтын ишканасы уюштуруп жатканын кошумчалады. Депутат Нилуфар Алимжанова ишкердикти колдоого багытталган 400 млн сомдун эсебин тактап, алар кимдерге берилип жатканына кызыкты. Алмаз Бакетаев бул каражаттар 16% менен аймактагы кичи жана чакан бизнестерге жана аялдардын ишкердүүлүгүнө берилерин атап өттү. Депутат Нурбек Алимбеков капиталдык салымдар беренеси боюнча аткарылып жаткан жумуштар каражаттын толук которулбагандыгынан улам токтоп турганын айтып, каржы министрлигинен анын себептерин тактады.
Депутат Балбак Түлөбаев орто жана чакан ишкердикти колдоо максатында Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын эсебинен атайын фонд түзүү сунушун көтөрдү. “Улуттук банкта сакталган алтынды туура максаттарга, өлкөнү өнүктүрүүнүн жакынкы пландарына пайдаланышыбыз кажет”,-деди эл өкүлү. Мындан тышкары, депутат токой чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын жогоруталуу маселесин көтөрдү.
Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев райондук ооруканалардын саркынды суу чыгуучу системасын оңдоо көйгөйлүү болуп турганын айтып, бул маселеге министрлер кабинетин өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Аны менен катар депутат мал жандыктарын эмдөөдөн өткөрүү максатында вакциналарды азыртан сатып алып даярдоо маселесин белгиледи.