Ысык-Көлдүн алмасынан карантиндик зыянкеч калифорниялык калканчы табылды
Карантиндик фитосанитардык экспертизанын негизги максаты карантинге алынуучу зыянкечтерди жана карантинге алынбаган организмдерди аныктоо жана идентификациялоо болуп саналат.
Республикада өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 5 лаборатория иштейт. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар өздөрүнүн экспертизалары боюнча жума сайын отчет берип турушат.
Өткөн жумада лабораторияга 246 үлгү келип түшкөн, анын ичинен Борбордук лабораторияга 114 үлгү, анын ичинен 20 үлгү импорттук, 89 экспорттук үлгү, 1 үлгү суроо-талаптын негизинде, 4 феромон капкандан алынган.
▶Ош лабораториясына 50 үлгү бар, анын 28и импорттук, 21и экспорттук, 1и суроо боюнча;
▶Талас лабораториясына 22 үлгү жөнөтүлгөн, анын 17си экспорттук, 5и феромондук капкандын үлгүлөрү;
▶Ысык-Көл лабораториясына 22 үлгү келип түшкөн, анын ичинен 17си экспорттук, 5и изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган;
▶Нарын лабораториясына 38 үлгү, анын ичинен 3 импорттук, 27 изилдөө иштеринен жана 8 феромон капкандан алынган.
Экспертизалардын жыйынтыгында «Грин-Ком» ЖЧКсынын Ысык-Көл облусунан экспорттолгөн үлгүдөн карантиндик зыянкеч калифорниялык калканчы (алмадан) аныкталган.