Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө, көмүрдүн калк үчүн өзгөчө социалдык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Баа түзүү жөнүндө” Мыйзамынын 6 жана 10-беренелерине ылайык, көмүрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жылытуу мезгилинде баалардын негизсиз жогорулашынын тобокелдигине байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругу менен 2023-жылдын 25-октябрынан тартып 90 календардык күндүк мөөнөткө көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүргө болгон баанын максималдуу деңгээли коюлат.