Борбор калаада нандын баасы көзөмөлгө алынууда
Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи май райондорунда нан азыктарынын (тандыр нан, 1-сорттогу бөлкө нан) бааларын негизсиз кымбатташы жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында өндүрүүчүлөрдүн, (наабайчылардын) нан сатуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Нан азыктарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 9-октябрындагы № 01-12/5 “Бишкек шаарында биринчи сорттогу буудай унуна (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) бааларын максималдуу деңгээлде белгилөөнүн 90 күнү тууралуу” буйругу менен таанышты.
Нан өндүрүүчүлөргө (наабайчыларга) жана бөлүштүрүүчүлөр тарабынан аталган буйрук аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.
Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында «Фрунзе», «Глобус», «Народный» ири гипермаркеттеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бааларды көзөмөлдөө чаралары улантылат.